Курс рубля в Кыргызстане

Рубль Росии Обновление — Банк
покупка ↑ ↓ продажа
1,1000 1,1300 06:09-02.12.20

Евразийский Сберегательный Банк

1.100 1.125 05:57-02.12.20

Кыргызско-Швейцарский банк

05:52-02.12.20

Халык банк Кыргызстан

1.108 1.122 05:52-02.12.20

Бай-Тушум Банк

1.1050 1.1250 05:52-02.12.20

Керемет Банк

1.1080 1.1250 05:52-02.12.20

Бакай Банк

1.109 1.125 05:43-02.12.20

Экоисламикбанк

1.103 1.123 05:43-02.12.20

KICB банк

1.1020 1.1270 05:43-02.12.20

Кыргыз Коммерц Банк

1.100 1.123 05:43-02.12.20

Аманбанк

1.1070 1.1220 05:43-02.12.20

Оптимабанк

1.109 1.125 05:22-02.12.20

Капитал банк

1.1080 1.1250 05:22-02.12.20

Доскредобанк

1.103 1.123 04:31-02.12.20

РСК банк

1.1000 1.1200 03:28-02.12.20

АКБ Кыргызстан

1.1000 1.1400 02:56-02.12.20

Толубай Банк

1.1100 1.1190 01:20-02.12.20

Финка банк

Жаңылыктар / 30.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



«Дженго» деген каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Кадыр Досоновго издөө жарыяланды. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелүүдө. Шайлоо жакындаган сайын президенттикке ат салышкандардын катары суюла баштады. Садык Шер-Нияз саясий жарыштан четтеп, талапкерлигин алганын билдирди. Антивирус, ноутбук жана программалык камсыздоо. Жогорку Кеңештин депутаттарына компьютер сатып алууга 15 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыяланды. Эскилери …



Source link

Жумалык (23.11.20 – 28.11.20)



Суудай агылган сунуштар. Конституциялык кеңешмеге түшкөн өтүнүчтөрдүн көпчүлүгү четке кагылууда. Баш мыйзамга бардык маселе киргизилиши керекпи?  Конституциялык кеңешменин иштеп жатканына бир жума болду. Бирок талкуулай турчу маселелер али коп. Төрагасы айткан 15 күн жетпей калды. Коррупцияга байланыштуу кармоолор уланууда. Бири алтын аткезчилигине байланыштуу болсо, экинчиси бийликтин партиясын бюджеттин эсебинен каржылатуу боюнча. Үчүнчүсү мыйзамсыз байыган деп …



Source link

Жаңылыктар / 27.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев 2 айга камакка алынды. Ал расмий түрдө кызматынан бошотулуп, ордуна экс-депутат Анарбек Калматов келди. Мектепте аныкталган коррупциялык схема. Бишкек шаарындагы №28 мектеп-гимназиясында 5 жыл бою 10 адам мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып турган. Орус тили — расмий макамынан ажыратылбайт, мамлекеттин аталышы өзгөрбөйт! Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө дагы кандай сунуштар …



Source link

Студенттердин контракт акысын арзандатуу керекпи? (видео) — НТС


Жогорку окуу жайларынын мугалимдери декабрь айындагы маянасын өз убагында ала албай калышы мүмкүн. Буга студенттер окуу акысын төлөбөй жатканы себеп болууда. Бир университетте жалпы студенттердин 20-35 пайызы гана контрагын төлөгөн. Ал арада Акыйкатчы аппараты жогорку окуу жайларындагы акыны азайтууну сунуштады.

Муну укук коргоочулар пандемияга байланыштуу окутуу процесси онлайнга өткөндүктөн, университеттердин коммуналдык чыгымдары азайгандыгы менен түшүндүрүүдө. Бирок буга университетте иштегендер каршы. Анткени биринчи кезекте мугалимдердин айлыктары кыскарат дешет.



Source link

Кыргызстан Кытайга карыздан сырткары дагы акча төлөйбү? (видео) — НТС


Кыргызстан карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Азырынча тараптар бир пикирге келе элек. Кыргызстан бересенин төлөө мөөнөтүн 4 жылга жылдырууну сунуштаган. Буга Кытай тарап каршы эмес, бирок мындай пролонгация үчүн карызга алынган акчага дагы 2 пайыздык үстөк кошулат деген шарт койгон. Бул сумма — 3 миллиард сомго чукулдайт.

Мындай сунушка Кыргызстан макул эмес, дейт финансы министрлигинин өкүлү. Учурда Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 миллиард 800 миллион долларга жакын. Тышкы карызды төлөөнүн башка жолдору табылып жатабы?



Source link

Дыйканбаев кайсы жетекчини коркутуп, акча талап кылган? (видео) — НТС


Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кайсы жетекчини коркутуп, 7 миллион сом талап кылган? УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп камалган Дыйканбаевдин иши боюнча кеңири маалымат бере элек.

Экс-депутат октябрда өткөн шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан кетирем деп коркутуп, бюджеттик акчага ээлик кылып, аны өнөктүккө жумшаган, деп шектелүүдө. Өздүк булактардын маалыматына караганда, коркутууга кабылган адам социалдык фонддун төрагасы болушу мүмкүн.



Source link

Конституциядан “идеология” деген терминди алып салуу керекпи? (видео) — НТС


Баш мыйзамдын жаңы долбоору лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт. Бул боюнча эксперттик топ түзүлдү. 12 адамдан турган топтун курамына жазуучу, тилчи жана котормочулар кирди. Конституциянын жаңы редакциясы азыркы тапта кеңешме тарабынан талкууланып, бир топ сунуштар айтылууда.

Отурумда ар бир жаранды шайлоого катышууга милдеттендирүү керек деген демилгелер көтөрүлдү. Бирок колдоо тапкан жок. Ошондой эле, баш мыйзамдан идеология деген терминди алып салуу сунушталды.



Source link

Жумалык (16.11.20 – 21.11.20)



Баш мыйзамдын жаңы редакциясы жазылды. Конституциялык кеңешме түзүлдү. Окумуштуулардан турган топ олуттуу өзгөртүүлөрдү жасай алабы? Кыргызстандыктар жаңы долбоордун авторлоруна издөө салышты. Депутаттардын өздөрү билбеген демилгелери. Парламентаризмди жактагандар президенттик башкарууга өтүүгө каршы чыгышууда. Саясатчылар конституциялык реформа менен алектенип жатканда коронавирус күч алууда. Эл июль айындагы кайгылуу күндөрдү унуттубу? Өздөрүнүн дагы өзгөнүн дагы саламаттыгына кайдыгер карагандар. Күндө …



Source link

Аткезчиликке бөгөт коюлуп, азык-түлүк баалары арзандайбы? (видео) — НТС


Бодо малды жана айыл-чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу менен ички рынокто азык-түлүктүн баасы арзандашы мүмкүнбү? Өкмөт атайын токтом чыгарып, анда 14 айыл-чарба өндүрүмүн Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салды.

Тиешелүү мекеме бул аракет өлкөдө малдын башын сактап калууга жана аткезчиликке бөгөт коет деп үмүттөнүүдө. Ошол эле учурда бул чечимге нааразы болгон фермерлер да бар экен. Айтымдарында, ансыз да тоют кымбат болуп жатканда мээнет акталбай калат. Экономистер болсо, тыюу салууну аргасыз чара катары карабай, маселени чечүүнүн башка жолдорун сунушташууда.



Source link