Жаңылыктар / 25.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Өзүнүн кабары жок башка шайлоо тилкесине катталып калган жарандар. Барынан коркунучтуусу тилкени алмаштырууда өздүк маалыматтар колдонулган. Ишти иликтөөгө Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги киришти. Шайлоо күнү дене табы көтөрүлгөнү байкалгандар кантип добуш беришет? Бул үчүн атайын алгоритм иштелип чыкканбы же вирустун сиптомдору барлар жарандык позициясын билдире албай калышабы? Россияга авиакаттам менен кетүүнү каалагандар арбын, …



Source link

Аравандагы мушташтан улам эки талапкер шайлоодон четтетилди — НТС


БШК Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу “Биримдик” партиясынан талапкер Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Илхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алды. Бул сунушту комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдошту. Жыйында партиялардын да жоопкерчилигин кароо сунушун комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок.

20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылындагы үгүт кампаниясы учурунда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки өндүрүш баштап, жаңжалдын чоо-жайы иликтеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Кызматын «кыя албаган» талапкерлер (видео)



Депутаттыкка аттанып, бирок андан кайра баш тарткан Айтмамат Назаров 7,5 миң сом айып төлөшү мүмкүн. Анткени ал талапкер болуп туруп мамлекеттик иш-чарага катышып, үгүт эрежесин бузганы айтылууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бул боюнча материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Ал арада «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» Боршайкомдун дагы бир кандидатка байланыштуу чечимин жокко чыгаруу …



Source link

Куш тумоосу Кыргызстанга жакындадыбы? (видео) — НТС


Россиянын 4 аймагынан Кыргызстанга тоок этин ташууга чектөөлөр киргизилди. Себеби ал жакта «куш тумоосу» күчөп, аны менен күрөшүүдө жигердүү майнап чыкпай, илдет чектеш Казакстанга да жайылууда. Кошуна өлкөнүн 5 областында «куш тумоосу» өтө тездик менен жайылып, акыркы 1-2 күн аралыгында эле миңдеген канаттуулар кырылып калган.

Ал арада Казакстандан Кыргызстанга канатуулардын этин аткезчилик жолу менен ташыгандар бар экени белгиленүүдө. Адистер болсо, ылаң адамдарга дагы жуккандыктан, санитардык талаптар так сакталбаса абал оорлошот, деп эскертишет.



Source link

Муташтын чыгышына жол берген РИИБдин башчысы кызматынан бошотулду



Аравандагы окуя боюнча коомдук тартипти тиешелүү деңгээлде камсыздабагыны үчүн деп аталган райондук милициянын жетекчиси Сактан Исмаилов кызматтан алынганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, дагы бир катар тартип коргоо кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышкан. Ошондой эле мекеме, шайлоо үгүтү учурунда чагымчыл аракет жасагандарга, уруш чыгаргандарга, коомдук тартипти бузгандарга кескин чаралар көрүлөрүн эскертти. Мындан тышкары, үгүт …



Source link

Жумалык (14.09.20 – 19.09.20) (видео)



Экс-министр Космосбек Чолпонбаев эки айга камалды. Кара-Суу райондук соттун төрагасы пара менен кармалды. Ал эми Коопсуздук кеңеш коррупцияга каршы жаңы стратегия кабыл алды. Бул документ жемкорлордун жемсоосун бууй алабы? Милиция криминалга чабуул баштадыбы? Бишкекте кылмыш жасоого даярданып жаткан топ кармалды. Акыркы атайын операциялар шайлоого байланыштуубу? Эмне үчүн криминал бийликке умтулууда. Парламентте 10 жылда 7 коалиция …



Source link

Сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер алууга тийиш? (видео) — НТС


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга COVID-19 пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды так аткаруу зарылдыгын эскертти. Ага ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында 1,5-2 метр аралык сакталууга тийиш.

Себеби эксперттер коронавирустун экинчи толкунунун кесепеттери оор болуп калышы мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагышууда. Аба-ырайынын салкындашы менен кошо келе турган сасык тумоонун түрлөрүнө эмдөө быйыл былтыркы жылдарга салыштырмалуу эрте башталды. Анан да бекер вакцина тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызына гана жетет экен.



Source link