Вагондо жашаган бөбөктөр эмнени кыялданышат? (видео) — НТС


Өкмөттөн эч кандай жардам албаган 5 балалуу үй-бүлө Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 7 жылдан бери темир вагондо баш калкалап келет. Убагында жер тилке алабыз деп ниеттенген аялы-күйөөсүнүн тилегин таш каап, уулу жол кырсыгына учураса, бир кызы ооруга кабылган.

Ошодон кийин ири суммадагы кредит алууга да аргасыз болушкан. Баары аз келгенсип пандемия башталып, оп-чап тиричилигин кылып үй-бүлөнүн жашоо деңгээли начарлап кеткен. Вагондо күн өткөргөн балдар келе жаткан жаңы жылда ак өргөлүү болсок деп кыялданышууда.



Source link

Пенсионер жүргүнчүлөрдү бекер ташыган боорукер айдоочу (видео) — НТС


Карыларга жагымдуу маанай тартуула. Бишкек шаарындагы 215-маршруттук каттамдын айдоочусу Жыргалбек Исаев өзгөчө демилгени ишке ашырууда. Ал 1 айдан ашык убактан бери пенсионер жүргүнчүлөрдү бекер ташып жатат.

Учурда айдоочунун бул демилгесин башка кесиптештери дагы колдоого алышууда. Айдоочунун бул идеясы кандайча жаралып калган?



Source link

Кыргыз Эл артисти Султан Каримов жардамга муктаж (видео) — НТС


Кыргыз Эл артисти Султан Каримов тез арада чет өлкөдө жасалуучу операцияга муктаж. Ырчы азыркы тапта үй шартында дарыланып, күнүнө беш жолудан инсулин алууда. Дарыгерлер ага 2015-жылы кант диабети деген диагноз коюшкан.

Ошондон бери ак халатчандардын берген кеңешинин негизинде ден-соолугуна кам көрүп келген. Бирок быйыл июнь айында абалы оорлошуп кеткен. Учурда атайын эсеп ачылып, коомчулуктан акчалай каражат топтолууда.



Source link

Темир контейнерде жашаган фельдшер үйлүү болду (видео) — НТС


Беш жылдан бери кыштын кыраан чилдесинде, жайдын ысык аптабында темир контейнерде жашап келген фельдшер Толкун Рахматова үйлүү болду. Кайрымдулук менен алектенген уюм жалгыз бой келинге Чүй областынын Аламүдүн районунун Восток айылынан жер тилкесин сатып берүү менен бирге беш бөлмөлүү турак жай салып берди.

НТС телеканалы жана бир катар маалымат каражаттары быйыл сентябрь айында төрт балалуу эненин аянычтуу тагдырын чагылдырган эле. Көп өтпөй жеке демөөрчүлөр табылып фельдшер айымдын кыялы орундалып отурат.



Source link

Жаңылыктар / 25.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Сотторду жоопко тартуу иштери токтойбу? Судьяларды камоого уруксат берген тартип комиссиянын жаңы курамы түзүлө элек. Спорттук карьерасын криминалдык дүйнөгө алмаштыргандар. Убагында чемпион болуп, кийин кылмыш иштерине аралашып кеткендер көбөйдү. Спорт агенттиги андайларга карата кандай чараларды көрүүдө? Кыргызстандын 29 окуу жайынын 70 студенти президенттик стипендияга ээ болду. Жакшы окуган улан-кыздарды сыйлоо аземи өттү. Контейнерде жашаган фельдшер …



Source link

Өлкөнүн мыкты студенттери президенттик стипендияга ээ болду (видео) — НТС


Кыргызстандын мыкты студенттери аныкталды. Президенттик стипендияга татыган улан-кыздардын саны быйыл 70ке жетти.

Алар өлкөдөгү 84 миң студенттин ичинен тандалып алынгандар. 2019-2020 – окуу жылынын жыйынтыгы менен ийгиликтерге жетишкен студенттерди сыйлоо аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлдү.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов жалаң бешке окуган студенттерге президенттик стипендия тапшырды.



Source link

Жаңылыктар / 23.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Токмокто 15 жашар кызды зордуктады делген өгөй атасы камакка алынды. Ага каршы өспүрүмдүн таянеси көрсөтмө берди, бирок шектүү айыптоону четке кагууда. Чүйдө 16 миң тоок кырылып, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салды. Ферманын ээси канаттуулар жугуштуу оорудан өлбөгөнүн, жемден ууланганын айтууда. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров расмий түрдө кызматын бошотту. Вице-спикерликти тапшыруу кезеги эми Аида …



Source link