Жаңылыктар / 20.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Эки жылдан бери эл оозунан түшпөй келген Райым Матраимов кармалды. Анын колуна кишен салынып жаткан сүрөт тараса дагы, коомчулукта күмөн ойлор жаралууда. Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар 40 кишиге да кол жетеби? Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Ушундай эле чектөө депутат Кубанычбек Жумалиевге да коюлду. Финансы полициясы чуулгандуу иштерди иликтөөгө киришти. Өлкө капчыгына …



Source link

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды


Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынан тастыкташты. Ага ылайык, чек ара пунктарына Мухаммедкалый Абылгазиевди чыгарбоо буйругу берилген. Тактап айтканда, экс-өкмөт башчысы чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүүгө аракет кылса, чек арачылар аны кармап, Финполицияга өткөрүп берүүгө тийиш.

Эске салсак, 2018-жылы 900 МГц диапазонундагы радио жыштык кайсы бир байланыш операторуна 1000 сомго эле сатылып кеткени ачыкка чыккан. Мындан өлкө бюджети 5 миллиард сомго чейин чыгым тарткан деп божомолдонгон. Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, анда айрым депутаттар бул иште ошол убактагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да тиешеси бар экенин жана күч түзүмдөрү текшерип чыгуусун талап кылышкан.

Мындан көп өтпөй эле Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары отставкага кетүү арызын жазган. Жыштыктарга байланыштуу кылмыш ишинде беш киши тергөө абагына камалып, ишти Аскер прокуратурасы менен УКМК биргелешип тергеп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Мухаммедкалый Абылгазиев жазында коронавирус пандемиясына карата өкмөт тарабынан тиешелүү даярдык көрүлбөгөнү үчүн дагы суракка чакырылышы ыктымал. Жаңы типтеги вирустун кесепетинен жакындарын жоготкондор Башкы прокуратурага арыз жазып, бейтаптарга шарт түзүп бере албаган бардык жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады — НТС


COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады, — деп билдирет коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб.

Ленин району:

№96 мектеп (Ак-Ордо ж/к) 30 орун;

№95 мектеп (Жал кичи району) 50 орун.

Биринчи май району:

№81 мектеп («Ак-Босого» ж/к, Профессор Зима көч, 262) 40 орун;

№69 мектеп (Айни көч, 13) 120 орунд.

Октябрь району:

№39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 орун;

№63 (кичи район №11-9/1) 40 орун.

Свердлов району:

№4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) — 50 орун;

№ 65 лицей — 60 орун.

Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.



Source link

Ыр-бий менен аяктаган митинг (видео) — НТС


11 күндөн бери өкмөт үйүнүн алдынан кетпей, нааразычылык акциясына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары үйлөрүнө тарашты. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келгендер Садыр Жапаров президент болмоюнча кетпейбиз деген талаптарды коюп келишкен. Алар көздөгөнүнө жетишти.

6-октябрдын таңында абактан чыгып, ошол түнү эле өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп, эки күн мурда үчүнчү жолку аракет менен премьер-министрликке бекитилген Садыр Жапаров президенттин милдетин аткара баштады. Ага мынчалык бийликти алып берген эски аянтка чогулган эл максатына жетсе дагы тарагылары келбей, түшкө чейин өкмөт үйүн айланчыктап жүрүштү.



Source link

Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынында президенттик кызматын тапшырды — НТС


Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында президенттик кызматын тапшырды. Бул иш-чара өлкө башчысы үч жыл мурда 24-ноябрда ант берип, ишке киришкен залда отту. Жогорку Кеңеш Жээнбековдун арызын кабыл алды.

Ушул күндөн тарта экс-президент деген статуска ээ болгон Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сөз сүйлөп, өлкө башчы катары жасаган иштерине токтолуп, аткара албай калгандарына ичи ачышып жатканын айтты. Ошону менен катар кемчиликтери үчүн кыргыз элинен кечирим сурады.

Андан соң депутаттар Сооронбай Жээнбековду кол чаап узатышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев Жээнбеков өз каалоосу менен кеткендиктен экс-президент макамын сактап калганын билдирди.

Бүгүнкү отурумдун күн тартибиндеги дагы бир маселе — президенттин милдеттеринин премьер-министрге өткөрүлүп берилиши. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, бийликтин баары премьер-министр Садыр Жапаровдун колуна өттү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Түркияда жасалма ичимдиктен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө — НТС


9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кыркларели аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, жалпысынан 49 киши каза болуп, ооруканада элүүдөн ашык бейтап дарыланып жатат.

Жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табуу үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү жаранды кармаган. Тергөөдөн кийин алардын жетөө камакка алынган. Бул операцияларда полиция 16737 литр этил спиртин, 3253 литр спирт жана 2495 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти конфискация кылган.

Жергиликтүү серепчилер жарандардын жапырт ууланышына дүкөндөрдө мыйзамсыз, арзан жана тымызын сатылган алкоголдук ичимдиктер себеп болгонун айтышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке С.Жапаровдун талапкерлигин бекитти — НТС


Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чогулуп, өкмөт маселесин карап жатышат. Алгач парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин, өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын бекитти.

Бул чечимин коалиция парламенттин жалпы жыйынына сунуш кылды. Парламент төрагасы Канатбек Исаев жыйынга 83 депутат катышып жатканын, дагы сегизи ишеним катын жазып бергенин маалымдады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө 5-октябрдан тартып нааразылык иш-чаралары башталып, саясий кризис курчуган. Парламенттин детутаттар тобу 6-октябрга караган түнү абактан бошонуп чыккан мурдагы депутат Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка тандаганын эки жолку чукул жыйынында жарыялаган. Бирок отурумда кворумга жетишилбеген шартта кабыл алынган бул чечимдер оппозициянын, президенттин жана айрым депутаттардын арасында күмөн жараткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда — НТС


Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулаш үчүн жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда. Депутат Каныбек Иманалиедин айтымында, парламент өлкөдө жаралган саясий кризистен чыгуунун жолдорун жана шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү көздөп жатат. Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болушу үчүн уюштуруу комитети депутаттар менен байланышып жатканын кошумчалады. Жыйындын кайда жана качан өтөрү азырынча белгисиз.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 

 



Source link

Пенсия, жөлөкпул, айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек — НТС


Учурдагы абалга карабастан, пенсия, жөлөкпулдар, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 2020-жылга бюджеттин аткарылышын талкуулоо боюнча кеңешмеде билдиргендигин, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээли боюнча ирээттелиши керек. Ыкчам каржылоо зарылчылыгы жок чыгым беренелери убактылуу токтотулат. Бирок бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары жана социалдык төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылат. Ошондой эле пандемияга каршы күрөшүүгө жана күз-кыш мезгилине даярдыкка тийиштүү артыкчылыктуу чыгымдар аткарылат. Бизде акыркы окуяларга байланыштуу пайда болгон айрым пугкттар боюнча кармоолор бар, бирок социалдык төлөмдөргө каражаттар бар жана алар өз дарегине жеткирилет», — деди вице-премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди караштыруу керектиги белгиленди. «Бул процессте Бажы жана Салык кызматы негизги ролду ойнойт. Бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири – фискалдаштыруу тутумун киргизүү. Бул мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана эмес, ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө да жардам берет. Бажы кызматы жөнүндө айта турган болсок, бул жерде башка өлкөлөрдө жакшы натыйжаларды көрсөткөн программаларды киргизүү маанилүү», — деди вице-премьер-министр.

Жыйындын катышуучулары инвестициялык программаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга бул объекттерге көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Алмазбек Орозалиевге ИИМ башчысынын милдетин аткаруу милдети жүктөлдү — НТС


Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруу Алмаз Орозалиевге жүктөлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» билдирди. «Биз кырдаал оор күндөрү 6-7-8-октябрда өлкөнүн коопсуздугун жана тартипти сактоо максатында жүктү мойнубузга алып иштедик.

Ошол күндөрү бул жоопкерчилик ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары Курсан Асановго жүктөлгөн. Ал өзүнө жүктөлгөн милдетти жакшы аткарды. Бирок биздин милдет кайсы бир кызматты басып алуу эмес. Ошондуктан, ал бүгүн министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берди. Азыр бул кызмат министрдин орун басары Алмаз Орозалиевге жүктөлдү», деди Суваналиев.

Мурдараак айрым басылмалар ИИМдин жеке курамы Курсан Асанов менен кызматташуудан баш тартышканын жазып чыгышкан. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы жарым-жартылай ырастап, башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле ИИМ дагы мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып баруусун талап кылып жатышканын билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 5-октябрдагы нааразылык митингдеринен кийин кайда экени белгисиз. Анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто экени кабарланып, 6-октябрдан бери ишке чыкпаганы маалым болгон. Андан кийинки, министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов да 6-октябрдан бери жумушка келген эмес.

 



Source link