Кыргызстанда кышкы туристтик мезгил расмий түрдө ачылды (видео)



Салтанаттуу азем Бишкектин четиндеги “Чуңкурчак” тоо лыжа комплексинде өтүп, ага Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышты. Иш-чара оюн-зоок, концерттик программалар менен коштолуп, ар кандай сынактар уюштурулуп, келгендердин көңүлү көтөрүлдү. Туризм департаментинин жетекчилигинин айтымында, быйыл эс алуучулардын саны былтыркыга салыштырмалуу аз болушу мүмкүн.



Source link

Январь айынын пенсиясын төлөөгө акча жок (видео) — НТС


Капчыкта акча жок, бирок пенсия берүүгө каражат табылат. Социалдык фонд кары-картаңдарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Буга чейин парламенттин жалпы жыйынында фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экени айткан.

Себеби учурда мекеменин бюджетинде 1 миллиард 333 миллион сом тартыштык бар. Бул маалымат көпчүлүктү чоочутуп, өзгөчө жалгыз ушул киреше булагынын көзүн карап отурган кары-картаңдарды санаага салып койду. Ал арада Соцфонд кийинки айларда мындай коркунуч жаралбашы үчүн кандай кадамдарга баруу керектигин пландоодо.



Source link

Жаңылыктар / 18.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



15 жашар кыз 2 жыл өгөй атасы тарабынан зордукталган делген окуя боюнча териштирүү жүрүүдө. Жабырлануучу өз өмүрүнө кол салуу коркунучу жаралгандыктан атайын ооруканага жаткырылган. Капчыкта акча жок, бирок пенсия берилет. Соцфонд кары-картаңдарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Буга чейин январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экени айтылган болчу. Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде иштеген 500 …



Source link

Жаңылыктар / 17.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Ош мэриясынын комитет төрагасы Кылыч Саркарбаев кармалды. Ал мурда соттолгонун жашыруу үчүн фамилиясын алмаштырып алган деп шектелүүдө. Буга кошумча ал уюшкан кылмыштуу топтун башчысы менен тыгыз мамиледе болгону аныкталган. Кыргызстан климаттын ысышынан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Улуу Британиянын элчилиги мындан дыйкандар жапа чегип жатканын билдирди. Ал арада өкмөт ыш баскан Бишкектин …



Source link

Жаңылыктар / 16.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Жыштыктарды сатуу ишинде жаңы фигурант. Өкмөттүн аппаратынын биринчи орун басары кармалды. Муну менен шектүүлөрдүн саны 10го жетти. Эми кезек кимде? Өлкөдө электр энергиясынын автоматтык түрдө өчүрүп калуу коркунучу жаралды. Өкмөт мүчөлөрү көмөкчордондор чыдабай кызып кетип жатканын айтып, коңгуроо кага башташты. Ал арада жарыгы өчкөн айрым тургундар жол тосууга өтүштү. 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча Бириккен …



Source link

Жаңылыктар / 15.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Кымбат баалуу имараттар, престиждүү коттеждер, люкс-класстагы автоунаалар жана Мальдив аралдарындагы эс алуулар. Жумушунан башка киреше булактары жок болгон Жогорку соттун судьясы «мыйзамсыз баюуга» шектелип колго түштү. Тайырбек Сарпашевдин бир туугандары дагы бир обьектти мамлекеттин эсебине өткөрүп берет. Буга чейин 530 гектар жер тилкелерин айыл өкмөтүнө кайтарышкан болчу. Референдумду өттү деп таануу үчүн жалпы шайлоочулардын кеминде …



Source link

Жумалык (07.12.20 – 12.12.20) (видео)



Раимбек Матраимовдун аты эми дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Мурдагы бажы кызматкери Американын кара тизмесине киргизилди. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жеке өзү Раимбек Матраимовго арнап билдирүү жасады. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну сунуштады. Мамлекеттин акчасын шайлоодо бир партиянын кызыкчылыгы үчүн колдонгон экинчи экс-аткаминер колго түштү. Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Бакир Таиров …



Source link

Улуттук колоритте тигилген бет каптар (видео) — НТС


АКШ бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кара тизмеге киргизди. Буга парламентте каршы пикирлер айтылды. Башкы прокурор экс-аткаминерди Кыргызстанда эч ким калкалаган жок деп ишендирүүдө.

Июль айында эл кыйналып турганда дарыгерлер бейтаптардан пара алып турганбы? Финансы полициясы тарабынан 75 кылмыш иши иликтенүүдө.

Бишкекте коомдук транспортко жол кирени жогорулатуу керек деген 2 жетекчи кызматынан алынды. Калаа жетекчиси Балбак Түлөбаев эки аткаминер элди дүрбөлөңгө салган маселени көтөргөнү үчүн жазалады.

Маска тагынууну модага айлантуу аракети. Дизайнер Толгонай Байра бет капка улуттук колорит берип, оймо-чиймеси менен тигилген каражаттарды сатыкка чыгарды.



Source link