Жаракат алган 150 адам ооруканага жаткырылды, 1 адам каза болду — НТС


6-октябрь саат 08:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, саламаттык сактоо мекемелерине тез жардам жана өзү кайрылгандардын саны 590ду түздү. Бул тууралуу Саламттык сактоо министрлиги билдирди.

Алардын ичинен биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин коем берилген. Жаракат алгандардын 150сү ооруканага жаткырылып, алардын ичинен 13 жандандыруу бөлүмүңдө жатат. Жаракат алган 1 киши каза болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн 2 журналистке кол салуу болду — НТС


Алардын бири — Азаттык медианын кабарчысы Айгерим Акылбекова. Ал Талас шаарындагы №6108 тилкесинде барып, форма-2 арызы боюнча добуш бергени келгендерден түзүлгөн узун кезек тууралуу айтып жаткан. Ошол убакта белгисиз аял келип, камераны чаап, видеого тартууну токтотууну талап кылган.

Ошто дагы ушундай эле окуяга Клооп.кж сайтынын журналисттери тушуккан. Кабарчы Айбике Адилет кызынын айтымында, №5316 участкасына келишкенде  оператор Хамидулло Узаковго белгисиз бирөөлөр кол салган. Алгач алар оператордун видеого тартып жаткан уюлдук телефонун тартып алууну көздөп, андан соң операторду урушкан. Экинчи жолкусунда аппаратын алып, изин жашырып кетишкен.

Ошол убакта буга көз салып турган милиция кызматкерлери эч кандай чара көрүшкөн эмес, дешет журналисттер. Качан гана кол салгандар кетип калгандан кийин, тартип сакчылар ыкчам-тергөө тобун чакырганын айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Карылыкка моюн сунбай, жаштардан кем калбай эмгектенген ата-апалар (видео) — НТС


Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөолөттү. Октябрдын биринде карылардын эл аралык күнү белгиленди. Бул датаны утурлай улгайгандарга, узак жашагандарга сый урмат көрсөтүлүп, аткаминерлер белек бечкегин ташып калышат. Жылда ар кандай акциялар өткөрүлүп келсе, бул жылы пандемияга байланыштуу болгон жок.

Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлү бурулуп турсун деп, 1990-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан 1-октябрь улгайгандар куну деп жарыяланган. Азыр кары адамдардын көйгөйү айтып отурса, толтура. Кыргызстанда карылар үйүндө жашагандардын болушу эле чоң трагедия. Кароосуз калып, өзү менен өзү болуп, өлбө жаным өлбө деп жашап жаткан ата апалар канча. Алардын көйгөйүн көп эле жолу чагылдырдык. Бирок абал өзгөрүп кеткен деле жок.

Карысы бардын ырысы бар, деп коет кыргызда. Бул жолу биз карылыкка моюн сунбай, карыдым деп отуруп калбай оокатын кылып, спорт менен машыгып, балдарга билим берүүнү улантып, элди дарылоону таштабай жүргөн ата апалар тууралуу сөз кылууну туура кордук. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын калкынын сегиз пайызын улгайган адамдар түзөт. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылар 513 миң.



Source link

Үгүт кампаниясы эмнеси менен эсте калды? (видео) — НТС


Шайлоо алдындагы өнөктүккө берилген 30 күндө идеялардын, программалардын гана күрөшү болбостон, компроматтардын, кара пиардын да күрөшү болду.

Үгүт иштери расмий башталгандан тарта бири-биринин дарегине билдирүүлөр айтылып, чуулгандуу тасмалар тарап, ал эмес калайман мушташтар дагы катталды.

 



Source link

Форма №2 арызы бизнеске айландыбы? (видео) — НТС


Шайлоого аттанган саясий партиялардан акча алган беш жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Мыйзамга ылайык, партиядан материалдык баалуулук алган катардагы жаранга 1 миң, ал эми юридикалык жакка 5 миң сом айып салынат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча 7 миңге жакын жаран шайлоо участкасын бир нече жолу алмаштырганы аныкталды. Бир эле аял 21 ирет добуш берүү тилкесин алмаштыруу үчүн форма-2 арызын толтуруптур. Бул эмнеден кабар берет?

 



Source link

Милиция коопсуздукту камсыз кылууга даяр (видео) — НТС


2-октябрдан тарта милиция күчөтүлгөн режимде иштеп баштайт. Ал эми шайлоо күнү коомдук тартипти тогуз миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылары белгилүү болду. Анын жарымынан көбү түздөн-түз шайлоо участокторунда нөөмөт өтөсө, мындан сырткары, резервде ыкчам аракет көрүүчү атайын бөлүктүн кызматкерлери дагы болот.

Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында тиешелүү чараларды көрүп, анын алкагында түрдүү чагымчыл аракеттердин алдын-алуу иштерин аткарып жатыптыр. Бул аракеттер шайлоодон кийин дагы, тактап айтканда, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыкканга чейин улантылат экен.



Source link

Марат Аманкуловдун сөзүнө баа берилеби? (видео) — НТС


Депутаттыкка талапкер Марат Аманкуловду жоопкерчиликке тартууну талап кылган 3 арыз 3 мамлекеттик органга тапшырылды. Жарандык активисттер УКМКга, Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышты. Алар Марат Аманкуловду жарыштан четтетип, анын айткан сөзүнө укуктук баа берилиши керектигин айтышууда.

Мындай нааразычылыкты Марат Аманкуловдун «30 жыл эгемен жашап көрдүк эми үйгө кайтууга убакыт келди» деген сөзү жаратууда. Өз кезегинде талапкер анын айткандары контексттен суурулуп алынып, атайын жаманатты кылуу үчүн таратылууда деп билдирди.



Source link

билеттин баасы 100 миң сомго жетти (видео) — НТС


Бишкек-Москва багытындагы билеттин баасы 100 миң сомго жеткенин авиабилеттерди саткан компаниянын алдында кезек күтүп тургандар билдиришти. Алар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы каттам жанданаары менен авиакомпаниянын алдына келип эшигин каккылап жүрүшүптүр.

Айтымдарында, көпчүлүгү пандемия башталганда келип, кайра артка кете албай калгандар. Ошондой эле арасында ден-соолугуна байланыштуу чукул Москвага уча тургандар да бар. Айрымдары баасына карабай сатып алам дегени менен, сатыкта билет жок болууда. Ошол эле учурда март айында билет алып коюп, күтүп отургандар да арбын экен.



Source link

Жаңылыктар / 25.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Өзүнүн кабары жок башка шайлоо тилкесине катталып калган жарандар. Барынан коркунучтуусу тилкени алмаштырууда өздүк маалыматтар колдонулган. Ишти иликтөөгө Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги киришти. Шайлоо күнү дене табы көтөрүлгөнү байкалгандар кантип добуш беришет? Бул үчүн атайын алгоритм иштелип чыкканбы же вирустун сиптомдору барлар жарандык позициясын билдире албай калышабы? Россияга авиакаттам менен кетүүнү каалагандар арбын, …



Source link