Административдик басымга кабылган дарыгер, мугалимдер (видео) — НТС


Дарыгерлер жана мугалимдер административдик басымга кабылып жатканы айтылууда. Алардын нараазычылыктарын жарандык активисттер ачыкка чыгарышты. Мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди кайсы бир партияны үгүттөөгө мажбурлаган учурлар катталып жатыптыр.

Айрым медициналык жайларда ар бир дарыгерге ондон кишинин паспортун чогултуу тапшырмасы берилгени дагы ачыкка чыгып кетти. Бирок сөз болгон ошол оорукана, мектеп жетекчилери мындай дооматтарды четке кагышты.



Source link

Дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады — НТС


Жаңы окуу жылынын башталышы менен (1-класс) дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2022-жылга чейин бардык башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттеринин алкагында 100дөй мектепте ысык тамак бере баштады. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жана ата-энелердин жардамында дагы 50дөй мектепте ысык тамак уюштурулду.

Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, БУУ ДАТП балдардын ысык тамагына деп Кыргызстандын 249 мектебине байытылган ун жеткирип берди.

Өлкө мектептеринин 70%дан ашыгы тиешелүү техникалык жабдуулар менен камсыздалып, башталгыч класс окуучуларына ысык тамак берилет. Бул БУУ ДАТП жана Россия Федерациясы сыяктуу донорлордун колдоосу менен ишке ашууда. Аз камсыз болгон айрым үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектептеги ысык тамак социалдык коргоо чарасы болуп саналат жана өздүк бюджетинин 70%дан ашыгын тамактанууга жумшаган жакыр үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын жеңилдетет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 

 



Source link

Шайлоо чыры. Дагы бир партия БШК менен соттошот (видео) — НТС


Жарыштан күтүүсүз жерден четтетилген «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошот. Бул тууралуу саясий биримдиктин лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Партия мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, БШКнын чечими саясатташып кетти деп бааласа, тарапташтары митинг уюштуруп «Бүтүн Кыргызстан» биримдигин каттоону талап кылышты. Ал эми БШКнын мүчөлөрүнүн көбү чечим мыйзамдуу болгонун айтышууда.

 



Source link

Жаңылыктар / 04.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



БШК дагы бир партия менен сотто кездешет. Бул жолу шайлоодон четтетилген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Боршайкомдун чечимине каршы чыгып, сотко кайрыларын билдирди. Партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштады. 13 саясий бирикменин лидерлери таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту. 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Жалал-Абадда катталган жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында 8 жаштагы бала да …



Source link

Партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштады (видео) — НТС


Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга уруксат алган партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштады. Бул тизмеге кирген саясий бирикмелердин саны 15ти түздү.

Ошентип, “Мекен ынтымагы”, “Мекенчил”, “Ыйман Нуру”, “Чоң Казат”, “Реформа”, “Республика”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан”, «Афган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», “Бир Бол”, “Замандаш”, “Ата-Мекен” партиялары ат салышмай болушту.

Үгүт иштери башталган алгачкы түндө эле Бишкек шаарынын көчөлөрү партиялардын жарнак такталарына толду.



Source link

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3,5 миллионго чукулдады — НТС


Бул бүгүнкү күнгө алынган маалымат. Шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Жарандар бул сайт аркылуу өздөрүн тизмеден тактап алса болот.

Алынган маалыматтар боюнча, 2015-жылкы парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйыл добуш берүүчүлөрдүн саны 600 миңге көп. Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө дээрлик 723 миллион сомдой сарпталат. Бул тууралуу маалымат жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Учурда каражат боюнча эч кандай маселе жок, — дейт аткаминер. Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын башчысы болуп дайындалган Акрам Мадумаров саясий өнөктүккө карата жапырт каттоого туруп жаткандар тууралуу да сөз козгоп, аларга карата чара көрүлө турганын эскертти.

Анын айтымында, учурда каттоосу бөлөк жерде болуп, бирок өздөрү башка жерден шайлайбыз деген жарандар «Форма-2» документин толтуруп жатышат. Жапырт каттоого тургузууга жана бир үйгө ондон ашык адамды каттоого жол бербөө максатында өкмөттүн атайын буйругу чыкты. «Эгерде мындай учур катталса, каттоо кызматкери дароо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарына, БШКнын системалык администраторуна кабар жиберет. Демек, мындай учурду тезинен жок кылууга жана тиешелүү чара көрүүгө болот. Шайлоо күнү жүйөлүү себептер менен башка добушканаларда добуш берүүгө мажбур болгон шайлоочулардын укугун камсыздоо максатында мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар эске алынган. Ошону менен бирге терс ой менен жарандардын паспортун алып, туура эмес иштерди жасаса чара көрүлөт», — деп эскертти Мадумаров.



Source link

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кайрылуу таратты — НТС


Кримтөбөл Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу боюнча атайын операция уюштуруу аракети болгонун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ырастады. Анын бул тууралуу абактан жазган билдирүүсүн адвокаты интернетке жарыялады.

Алмазбек Атамбаев жазды делген катта, 2010-жылкы апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялоо үчүн 2012-жылы Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда бошотулганын баяндаган. Бул операцияны УКМКнын ошол кездеги төрагасы жетектептир. Бирок ал ишке ашпай калган, дейт мурдагы президент.

Мындан 4 жыл мурда Жогорку сот апрель окуясы боюча сот ишине чекит койгон эле. Анда фемида өкүлдөрүнүн чечими менен мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык сотунун 14-августта кабыл алган чечими менен Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы үчүн 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган.

Анын адвокаты тараткан маалыматка таянсак, бүгүн Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө изоляторунан №1 тергөө абагына которулат. Андан соң №47 түзөтүү колониясындагы ооруканага жаткырылышы мүмкүн экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Бишкек шаарындагы коомдук транспорт адаттагы режимде иштеп баштады — НТС


1-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү. Троллейбус, автобус жана кичи автобустар таң аткандан түнгө чейин каттамга чыгат.

Мэрия жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактап, беткап тагууга чакырды. Автоунаа салонунда санитайзер жана башка дезинфекция каражаттарынын бар-жогу текшерилип турат.

Кыргызстанда март айында коронавирус жуккандар аныкталып, шаарларда коомдук транспорт дээрлик эки айга токтотулган. Кийинчерээк убак-убагы менен эл ташууга уруксат берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link