Жаңылыктар / 06.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Жогорку Кеңештин имаратын тегерете курчап турган темир тосмолор алына баштады. Негизги максат — эл өкүлдөрүнүн элге жакын болуусу экен. Ички иштер министринин биринчи орун басарынын иниси тууралуу айтылгандар боюнча териштирүү жүрүүдө. Ош шаарынын тургуну аны аткаминердин тууганы коркутуп-үркүтүп жатканы тууралуу айтып чыккан. Чекесинен кертилген өлкө бюджети. “Дастан” ишканасына таандык мекеменин жетекчиси 700 миң долларды чөнтөгүнө …



Source link

Жумалык (02.11.20 – 07.11.20) (видео)



Кыргызстандан кымырылып чыгарылган миллиарддар. 95 миллиард сом боюнча кылмыштуу схеманын бети ачылды. Аскар Акаевдин бийлиги учурунда уурдалган 1 миллиард доллар кредитти мамлекет эмдигиче төлөп келет. Кылмышка шектүүлөрдүн аты жөнү ачыктала элек. Отставкалар уланууда. Жетекчини бат-баттан алмаштыруу жагынан парламент дагы четте калган жок. Бир айда үч жолу спикер шайланды. Эң көп сынга кабылган чакырылыш эң узак …



Source link

Кесиптик кошуундар эл өкүлдөрүнө нааразы (видео) — НТС


Кесиптик кошуундар тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен Кыргызстан мүчө болгон эл аралык эмгек келишимдеринин шарттары бузулат. Бул тууралуу Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү атайын маалымат жыйынын жүрүшүндө билдирип чыгышты. Айтымдарында, үчүнчү окууда каралганы жаткан мыйзам долбоору көз каранды эмес эмгек кошуундарынын өз алдынча иш алып баруусун чектейт.

Мындай аракеттер бир эле уюмдун монополиясына алып келет деген кооптонуулар да бар. Анын үстүнө документ калктын калын катмарына тааныштырылбай эле, эки окуудан өтүп кеткен, дешет алар.



Source link

1 млдрд доллардан ашуун кредитти кимдер сыртка чыгарып кеткен? (видео) — НТС


Аскар Акаевдин тушунда 1 миллиард доллардан ашуун кредитти коррупциялык схема аркылуу сыртка чыгарып кетүүгө кайсы жетекчилердин тиешеси болгон? УКМК берген маалыматка таянсак, бул 1993төн 2002-жылга чейинки убакытка барып такалат. Анда бир катар жооптуу кызматта турган адамдар чет өлкөлүк банктар менен сүйлөшүп алып, сырттан келген насыяны кымырып алганы аныкталган.

Азырынча алардын аттары ачык айтыла элек. Бирок ошол 10 жылдыкта 7 премьер-министр алмашса, финансы министрлигин 8 адам жетектегенге үлгүргөн. Өлкө казынасынан төлөнгөн кредиттер кайсы компаниялардын атына алынган?



Source link

Өмүрбек Бабанов интернет сайтка интервью берди (видео) — НТС


“Республика” партиясы жазында өтчү парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Кактус-Медиа” интернет сайтына интервью берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты өлкөдөгү саясий абал, конституциялык реформа, акыркы кадрдык дайындоолор боюнча өз ой-пикири менен бөлүштү.



Source link

Коррупцияга аралашкандардын мүлкү текшерилет (видео) — НТС


Коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон бөлүнгөн каражаттар кайда жумшалган? Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатып, ишин дал ушул суроодон баштай турганын билдирди. Ошондой эле, ал коррупцияга аралашты делген ар бир мурдагы жана учурдагы аткаминердин мүлкү текшерүүгө алына турганын да айтты.

Учурда буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында мамлекеттик бюджетке 400 миллион сомго жакын каражат которулуптур. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси паракорлукка аралашты делген чиновниктердин бирөө дагы экономикалык мунапыстан пайдалана электигин айтууда.



Source link

Мамлекеттик кызматкерлерди алуу ачык-айкын жүргүзүлөт — НТС


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жапаров жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып кадрдык реформа маселесин козгоду. Анын айтымында, мамлекеттик кызматка жарандарды кабыл алуу конкурстун жана комиссиянын негизинде жүргүзүлөт. Кадрларды кабыл алуу онлайн режиминде өтөт.

«Мен дайыма билимдүү кадрлар керек экендигин айтып келем. Билимдүү жарандарыбыздын мамлекеттик кызматка кирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Мындан ары мамлекеттик кызматка кызматкерлерди алуу ачык-айкын болот», — дейт Жапаров.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Кыргызстан тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат — НТС


Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөй турган 4 миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат. Бул боюнча донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын Финансы министрлиги кабарлады. Маалыматтарга караганда, учурда Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатыптыр.

Ага ылайык, 4 миллиард 100 миллион сомго жакын акчаны пролонгация, тактап айтканда, кийинки жылдарга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатыптыр. Ал ишке ашып калса, быйыл жана кийинки жылы өлкөгө жеңилдетилген мөөнөт берилет.

Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы тышкы жана ички карыздарды кошкондо 378 миллиард сомду түзөт. Анын 87 пайызы тышкы карыз.

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөё баштайт. 2027-жылдан тарта карызды төлөөгө жылына 400 миллион доллардай бөлүп туруу зарыл болот.



Source link