Президенттик шайлоого катыша турган алгачкы талапкердин документин каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоого катыша турган алгачкы талапкердин документин каттады. Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.

БШК эскерткендей, мамлекет башчы болууну каалагандар 14-ноябрга чейин арыз менен кайрылышы керек. Ошондой эле алар 6-декабрга чейин бардык тийиштүү документтерди тапшыруу менен эле бирге 1 миллион сом күрөөнү төгүшү шарт.

10-январга деп белгиленген президенттик шайлоого катышууга белсенгендердин бири — учурда мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров. Ал саясий өнөктүккө катышуу үчүн декабрдын башында президенттик кызматтан баш тартаарын билдирген эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Кызмат талашуу эми жогорку окуу жайларга жетти (видео) — НТС


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кээ бир мугалимдери азыркы ректор Канат Садыковду ордунда калтырууну талап кылышууда. Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ректорлукту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевге сунуштаганы кабарланган.

Азырынча бул боюнча эч кандай документке кол коюла элек. Ал эми Каныбек Осмоналиев анын ректор катары келишине кызыкдар болбогон топ туура эмес иштери ашкереленет деп кооптонууда деген пикирде.



Source link

Маданият министрлиги кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштоодо — НТС


Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик кинотеатрлардын иши 17-марттан ушул күнгө чейин токтотулгандыгын билдирип, болжол менен 8 айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууларга келгендигин маалымдайт.

Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келүүдө. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда.

Белгилей кетсек, өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан. Белгилей кетсек, 2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100 млн сомго бюджетти толтурган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Бизнести криминалдан коргойбуз (видео) — НТС


Кыргызстанда жумушсуздук күч алды. Ар бир бешинчи адам жакырчылыктын жеткен чегинде жашайт. Мындай маалымат эл аралык уюм тарабынан таратылды. Анда ишкерлик жаатындагы кыйынчылыктар айрыкча кен иштетүү кооптуу болуп калганы айтылат. Акыркы окуялардан кийин өлкөгө келе турган инвестиция дагы кыскарганы байкалган. Мунун кесепетинен жакын арада жумушсуздардын саны дагы өсүшү күтүлүүдө.

Ал арада президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумун өткөрүп, ишкерлердин көйгөйүн укту. Алар негизсиз текшерүүлөрдөн, иш баштала электе аткаминерлердин акча сураган учурларынан тажаганын билдиришти.



Source link

Жаңылыктар / 23.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Саясатчылар, жарандык коом парламентти мыйзам чыгаруу бийлигин узурпациялап алды деп айыпташты. Шайлоолор жылдырылып, референдумга даярдык дагы бир чуунун башталышы эмеспи? Камчы Көлбаевдин кармалышын криминалдык чөйрөнүн мизи кайтарылды деп бааласа болобу? Айрымдар аны кармоо операциясын УКМКнын жөн гана пиары деп сыпатташууда. «Кыргыз темир жолу» мекемесинде вагондорду кескилеп металл катары сатып жиберген факты катталды. Айрым маалыматтарга караганда, …



Source link

Абактагы миңдей адамга ырайым берилгени жатат (видео) — НТС


Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматында атайын комиссия куралып, алар жакын арада ырайым ала турган соттолуучулардын тизмесин түзүүгө киришишти. Анын алкагында жабык жайларда жаткан миңдей адам эркиндикке чыгышы ыктымал экен.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров телеканалдардын бирине интервью берип жатып, түрмөлөрдө жеңил-желпи жоруктары үчүн деле отургандар бар экенин жана аларды темир тор артында кармоодон көрө, эркиндикке чыгаруу пайдалуу болорун айткан.

Укук коргоочулар өлкөнүн тарыхында мынчалык көп адамга ырайым берилген эместигин билдиришүүдө. Ал арада бул мүмкүнчүлүктү оор кылмыш жасагандар колдонуп кетпейби деген кооптонуулар да орун алууда.



Source link

Кыргызстандагы окуялар — кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл — НТС


Кыргызстанда болуп жаткан окуялар — кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россияын президенти Владимир Путин «Валдай» эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып билдирди. «Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем», — деди Владимир Путин.

Ошондой эле бул мамлекеттерде суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө зарылдыгын, аны эл өзү ич ара бир калыпка салуу керектигин да кошумчалады. Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн кыргыз экономикасына жана башка тармактарына 100 миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

Буга кошумча Путин «Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Путин.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес — НТС


«Империя пиццы» компаниясы кафедеги караокеде кыргызча ырларга тыюу салган окуя үчүн кечирим сурады. Компаниянын өнүктүрүү директору Мээрим Аманова кафенин администраторунун калпыс катасынын айынан ушундай жагдай жаралганын «Азаттыкка» билдирди. «Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес. Администратордун пикири биздин компаниянын көз карашына туура келбейт. Коногубуз менен болгон кырдаал үчүн кечирим сурайбыз»,- деди Аманова.

21-октябрда Интернетке видео тараган. Анда кафеде отурган жигит караокеде аткаруу үчүн кыргызча ыр суранган. «Империя пиццы» администратору кыргызча ырдоо мүмкүн эмес экенин, бул компаниянын чечими экенин айткан. Коноктун «Бул үчүн компанияны сотко берсем болот»,- деген сөзүнө: «Маселе жок», — деп жооп берген. Окуя Бишкектин Аламүдүн-1 районундагы кафеде болгон.

«Империя пиццы» 2007-жылы Москвада негизделген. Кыргызстанда франшиза компаниясы түптөлүп, 15тен ашуун коомдук тамактануучу жайы бар. Андан тышкары, буюртма аркылуу пицца, суши жеткирүү кызматын көрсөтөт.



Source link

Жаңылыктар / 20.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Эки жылдан бери эл оозунан түшпөй келген Райым Матраимов кармалды. Анын колуна кишен салынып жаткан сүрөт тараса дагы, коомчулукта күмөн ойлор жаралууда. Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар 40 кишиге да кол жетеби? Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Ушундай эле чектөө депутат Кубанычбек Жумалиевге да коюлду. Финансы полициясы чуулгандуу иштерди иликтөөгө киришти. Өлкө капчыгына …



Source link