Сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер алууга тийиш? (видео) — НТС


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга COVID-19 пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды так аткаруу зарылдыгын эскертти. Ага ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында 1,5-2 метр аралык сакталууга тийиш.

Себеби эксперттер коронавирустун экинчи толкунунун кесепеттери оор болуп калышы мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагышууда. Аба-ырайынын салкындашы менен кошо келе турган сасык тумоонун түрлөрүнө эмдөө быйыл былтыркы жылдарга салыштырмалуу эрте башталды. Анан да бекер вакцина тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызына гана жетет экен.



Source link

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармала баштады (видео) — НТС


Акыркы бир жуманын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун 9 мүчөсү камакка алынды. Жетөө — Бишкекте колго түшсө, экөө — Жалал-Абадда кармалган. Алар 2 башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Шектүүлөрдүн арасында мурда соттолгондор бар.

Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн тузакка түшүрүлүшүн — алдыдагы шайлоого байланыштыргандар да жок эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков парламентке келүүнү эңсеген 4-5 партияда онго жакын кандидат — уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экенин айтууда.



Source link

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди — НТС


Өлкөгө сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, сатып алынган вакцина Россияда өндүрүлгөн.

Кечээ күнү сасык тумоого каршы 119 миң 600 вакцина келди. Азыр алар аймактар боюнча бөлүштүрүлүп жатат. Жакын арада тобокел тобуна кирген адамдар — 63 жаштан улуу адамдар, 5 жашка чейинки балдар, өнөкөт оорулары бар кишилер, калктын аярлуу катмарындагы адамдар эмдөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле 700 миң вакцина алууга тендер жарыяланган, — деди ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Кан рагына кабылган 8 айлык Айлинге жардам керек (видео) — НТС


Дарыгерлер тез арада чүрпөнүн жүлүн мээсин алмаштыруу боюнча операция жасоо керектигин белгилешүүдө. Бирок мындай оор операция Кыргызстанда жасалбагандыктан, бөбөктү Түркиядагы клиникаларга алып баруу зарыл.

Ал үчүн жалпысынан 100 миң доллар каражат керектелет экен. Учурда керектүү акчанын 10 гана пайызы топтолгон. Андыктан Айлиндин ата-энеси жумурай журттан жардам сурап кайрылып жатат.



Source link

Жаңылыктар / 11.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Акыркы убакта аткаминерлердин уулдары кылмышка шектелип кармалган учурлар көбөйдү. Бул жолу Баткен областынын губернаторунун баласы алдамчылыкка айыпталып, колго түштү. Үгүт иштери коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолууда. Жалал-Абадда партиянын үгүтчүсүнө кысым көрсөткөн 2 жаранга кылмыш иши козголуп, Аскер прокуратурасы иликтей баштады. Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады. Имарат ушул айдын аягында ишке берилет деп убадаланууда. Онлайн …



Source link

Пара талап кылууга шектелген УКМКнын кызматкери жумушунан бошотулду — НТС


Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, ага карата кылмыш иши козголуп, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финполиция менен УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы кылмышка шектүүнү бир жума мурда колго түшүргөн. Ал 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кызматтык иликтөө башталып, анын жыйынтыгында УКМКнын кызматкери атайын органдын беделин түшүргөндүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү Финполициянын тергөө органдары жүргүзүүдө. Кылмыш иши Башкы прокуратура, УКМК жана Финполициянын жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар. 



Source link

Жаңылыктар / 09.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)



Дагы бир партия парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи саясий биримдикке утулуп калды. Шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана сатуу боюнча 22 кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура мыйзам бузгандар жазага тартыларын дагы бир жолу эскертти. Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен 16 кош бойлуу келин каза болду. Жалпысынан 536 боюнда …



Source link

Административдик басымга кабылган дарыгер, мугалимдер (видео) — НТС


Дарыгерлер жана мугалимдер административдик басымга кабылып жатканы айтылууда. Алардын нараазычылыктарын жарандык активисттер ачыкка чыгарышты. Мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди кайсы бир партияны үгүттөөгө мажбурлаган учурлар катталып жатыптыр.

Айрым медициналык жайларда ар бир дарыгерге ондон кишинин паспортун чогултуу тапшырмасы берилгени дагы ачыкка чыгып кетти. Бирок сөз болгон ошол оорукана, мектеп жетекчилери мындай дооматтарды четке кагышты.



Source link